Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 03-февралы № 4
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 16.12.2021-жылдагы кезектеги XI сессиясынын №4-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
КРнын “Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктун негиз кылып жана Жалал-Абад шаарынын мэринин сессиядагы кайрылуусуна ылайык, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 16.12.2021-жылдагы кезектеги XI сессиясынын №4-токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «Жалал-Абад шаарынын Барпы Сейил, 79Б дарегиндеги калкты тейлөө борборунун мурдагы имаратынын жалпы аянты 487,7 чарчы метр түзгөн мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алгандан кийин Жалал-Абад шаарынын Курманбек кѳчѳсү, 8 дарегинде жайгашкан муниципалдык имараттан КРнын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» Мамлекеттик ишканасынын балансына 800,0 чарчы метр аянты бар имарат ѳткѳрүлүп берилсин жана ошол эле имараттан 452,0 чарчы метр аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин»
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ж.Борукулов) мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |