Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 03-марты № 14/5
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата Стратегиялык Өнүгүү планынына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 02.03.2022-жылдагы №1-12/121 катынын негизинде шаардык мэриянын 2022-2025-жылдарга Стратегиялык Өнүгүү планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө карап талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХIV сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жангак шаарындагы К.Жумабаев жана Бакаев көчөлөрүнө Кыргыз республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин түрткү берүүчү гранты аркылуу асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2024-жылдан 2023-жылга жылдырылсын.
2. Шаардын борбордук көчөлөрүнө, эс алуу паркына видео байкоо орнотуу үчүн 2025-жылдан 2023-жылга жылдырылсын.
3. Зона кварталынын негизги көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууларды орнотуу үчүн 2023-жылга киргизилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |