Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 03-марты № 14/7
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын Стратегиялык Өнүгүү планынын 2022-2025-жылдарга карата иш-планын аткаруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын бекитилген 2022-2025-жылдарга Стратегиялык Өнүгүү планын аткаруу максатында шаардагы К.Жумабаев жана Бакаев көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерине долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алуу жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезектеги ХIV сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Көк-Жангак шаарындагы К.Жумабаев жана Бакаев көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерине долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алууга уруксат берилсин.
2. Долбоорду даярдоо жана иш кагаздарын тактоо жагы шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Б.Замирбековго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
З.Байдавлетов |