Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Акман айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 1
“Акман айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин жана 2023-2024-жылдарга карата болжолун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, Акман айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын аткаруу максатында, айылдык Кеңештин каржы экономика боюнча туруктуу комиссиясын сунушун жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Эсенбаевтин билдируусун угуп жана талкуулап Акман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 17386,5 миң сом суммасында анын ичинде жергиликтуу бюджеттен – 10040,1 миң сом, тендөөчү грант – 3915,0 миң сом, атайын каражат 3431,4 миң сом суммасында бекитилсин. Киреше бөлүгү №1 тиркемеге чыгаша бөлүгү №2 тиркемеде
2. Айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
3. 2023-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча 17203,4 миң сом суммасында, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен 10022,3 миң сом, тендөөчү грант 3915,0 миң сом,атайын каражат 3266,1 мин сом суммасында бекитилсин. Тиркеме №3
4. 2024-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча 17366,4 миң сом суммасында, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен 10185,3 миң сом, тендөөчү грант 3915,0 миң сом,атайын каражат 3266,1 мин сом суммасында бекитилсин. Тиркеме №3
5. Акман айыл өкмөтүнүн 2021-2026-жылдарга түзүлгөн социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү програмасы боюнча иш -чаралар планы жактырылсын. Тиркеме №4
6. 2022-жылга республикалык бюджетен жергиликтүү бюджеттер үчүн тендөөчү трансферттердин өлчөмү 3915,0 миң сом бекитилип, биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер - эмгек акы. тамак-аш жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого жумшалсын.
6. Жарандык коргонуу комиссиясы чечими менен сарпталуучу табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүү максатында 400,0 миң сом акча каражаты каралсын.
7. 2022-жыл үчүн Акман айылдык Кеңешинин төрагасына 17.0 миң сом, Аскалдардын сотунун төрагасына 12,0 миң сом компенсация жергиликтүү бюджеттин 70111 бөлүмүнүн 22154900 беренесинде бекитилсин.
8. 2022-жылы калкты социалдык жардам боюнча жөлөк пул 250,0 миң сомго бекитилсин.
9. Айыл Өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин 1 пайызы өлчөмүндө 140,0 миң сом резервдик фондко ажыратылып, пайдалануу багыттары жөнүндө чечим айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жоболоруна ылайык сарпталышы белгиленсин.
10. Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийиики жыл бюджетинде каралсын.
11. 2022- жылда аппарат кызматкерлеринин бирдик саны 28 киши менен бекитилсин (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 04.08.2011-жылдагы 451-санду Токтомуна ылайык).
12. Айыл аймагындагы айылдарга беш айыл башчы оруну жана аскерге милдетүүлөрдүн саны үч миңден ашык -болгондугуна байланыштуу төрт аскердик каттоо столу инспектору оруну бекитилсин.
13. 2022-жылга бекитилген бюджеттин чыгашалар тиркемесинин суммасынын чегинде өзгөртүүлөр жүргүзүү үчүн айылдык Кеңешке сунуш берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Эсенбаевке жүктөлсүн.
14. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 8-главасына ылайык, жыл ичинде пландан ашыкча жыйналган кирешелер жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларына ылайык кезектеги бюджеттик жылда жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын жузөөгө ашырууга пайдаланылуусу каралсын.
15. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү зарылчылыгы болсо, ага тиешелүү ондоолорду киргизүү кабыл алынгыча айьл өкмөтү айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясыньн макулдугу боюнча бюджеттик параметрлерди өзгөртүүнү жүргүзсүн.
16. Акман айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Акман тазалык” муниципалдык ишканасына чарба жумуштарын жүргүзүү үчүн 200,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
17. Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга бюджетте кирешелер жана чыгашалар боюнча 761,6 миң сом суммасында болуп бекитилсин. Келишимдин негизинде жалпы сумманын 3/1% Акман айьш өкмөтүнүн бюджетине которулуп берилсин.
19. Айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлерин квалификациясын жогорулаттуу үчүн 20,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
20. Токтомдун аткарылышы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовко жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Эсенбаевке милдеттендирилсин.
21. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Акман айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Тилекеев |