Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-январы № 3
“Акман Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифин жогорулатып бекитип берүү жөнүндө”
“Акман Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын 18-январындагы №01-13/3 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Акман айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын IХ- сессиясы
Токтом кылат :
1. Акман айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясында VII-чакырылыштын кезектеги V сессиясындагы 2020-жылдын 14-июлундагы №15 токтому менен бекитилген тазалык үчүн (мусор) 50 сомдук тариф, бүгүнкү күндө күйүүчү май жана техниканын тетиктери кымбаттагандыгына байланыштуу 100 сомго жогорулатылсын.
2. Таза суу түтүкчөлөрү кирген счётчиги бар ар бир түтүн таза суунун 1 тоннасына 20 сом, ал эми счётчиги жок бирок такай суу агып турган ар бир түтүн айына 200 сом болуп бекитилсин.
3. Бекитилген тарифтин негизинде иш алып баруу жагы Акман тазалык муниципалдык ишканасынын башчысы Н.Жалаловго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Т.Рахмановага милдеттендирилсин.
Акман айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Тилекеев |