Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-январы № 5
Акман Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга сметасын бекитип берүү жөнүндө
Акман жайыт комитетинин башчысы Исаков Медетбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга бюджетте каралган киреше жана чыгаша болумдору 628218 (алты жүз жыйырма сегиз мин эки жүз он сегиз) сом суммасында болуп бекитилсин. Келишимдин негизинде сумманын 3/1 пайызы Акман айыл өкмөтүнүн бюджетине которулуп берилсин жана жер салыгы жайыт комитетине кайтарылсын.
2. Сметанынын негизинде атайын техника (погрузчик) саатына айыл ичинде 4000 сомго куйүүчү майы ичинде жана механизатордун эмгек акысы саатына 300 сом болуп бекитилсин. 2021-жылдан үнөмдөлгөн калдык акча каражатын сметанын негизинде иштетилсин.
3. Сметанын негизинде иш алып баруу жагы Акман жайыт комитетинин торагасы М.Исаковго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Т.Рахмановага милдеттендирилсин.
Акман айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Тилекеев |