Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-январы № 6
Жергиликтүү экономиканы өнуктүрүү боюнча жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясын түзүү жана “Диалогдук аянтча жөнүндө”
ЖОБОну бекитүү
Жергиликтүү экономиканы өнуктүрүү боюнча айылдык кенештин туруктуу комиссиясын түзүү жана диалогдук аянтча жөнүндө ЖОБОну бекитүү максатында Акман айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Айыл аймакта бизнести жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык программаларды иштеп чыгаруу жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында “Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кенештин туруктуу комиссиясы” төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Усенов Альберт
- Кариев Маратбек
- Боронбаева Кишимжан
- Шайдилдаева Кундузкан
- Садыкова Санабар
- Ысакова Анар
- Омурзаков Заирбек
2. Жогорудагы түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө айыл аймактын экономикалык өнүгүү программасын түзүү боюнча иликтөө жүргүзүү жана башка тийиштүү иш аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү мамлекеттик органдардын, ишкерлердин, аярлуу топтордун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, тажрыйба алмашуу жана айыл аймагынын экономикалык,социалдык, маданий, саясий маселелерин жана көйгөйлөрүн биргелешип чечүү максатында Диалогдук аянтча түзүлсүн Жобосу бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Т.Рахмановага жүктөлсүн.
Акман айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Тилекеев |