Редакцияот 10.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 10-февралы № 12 

“Кайырма айылынын көчөсүнө Арыкбаев Курбанбектин атын коюу жөнүндө”

Акман айылдык Кенешине Кайырма айылынын элинен 2022-жылдын 28-январында 01-13/7 сандуу кириш номери менен катталган кайрылуу келип түшкөн. Мыйзамдуулук комитетинин 09.02.2022-жыл өткөргөн отурумунун корутундусунун негизинде Ош-Бишкек трассадан Жолдошева Алима көчөсүнө чейинки көчөнүн атын Арыкбаев Курбанбек атындагы көчөсү аталсын деп сунуштоосунун негизинде кайрылуусун угуп жана талкуулап Акман айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы “Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби” жөнүндө Жобонун негизинде Кайырма айылынын Ош-Бишкек авто трассадан баштап Жолдошева Алима көчөсүнө чейинки аралыкка эмгектин ардагери көп жылдар Акман айыл өкмөтүндө 63 жыл өтөгөн эмгегин баалап Арыкбаев Курбанбектин аты ыйгарылсын.       

2.  Эмгектин ардагери Арыкбаев Курбанбектин аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук комитетине жүктөлсүн.

 

Акман айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Тилекеев