Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10-февралы № 13
Акман айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы иш планынын негизинде “Кашка суу” СПАнын башчысынын билдирүүсүнүн негизинде, Акман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жазгы талаа жумуштарын даярдоо максатында. Базар-Коргон райондук өнуктүрүү фонду аркылуу Акман айыл аймагындагы сугат суу каналдарын, арыктарын ремонттоо тазалоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Акман айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы иш планынын негизинде, Акман айыл аймагындагы сугат суу каналдарын, арыктарын ремонттоо, тазалоо үчүн Акман айыл өкмөтү тарабынан айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү максатында комиссия курамы түзүлсун.
2. Акман айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде смета түзүү үчүн “Кашка-Суу” СПАларынын бюджетинен долбоорго долбоордук сметаларын даярдоо үчүн 5000 мин сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Тилекеев |