Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 02-февралы № 2
Бел-Алды айыл аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейин Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүү үчүн акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы “Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө” №228 токтомун, Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 18-ноябрындагы №59 токтомун аткарууга алуу максатында жана Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 22-ноябрындагы №01-2-91 катынын негизинде, 2022-жыдын 25-мартынан 03-апрелине чейин Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүү үчүн, ар кандай чыгымдарга 48 (кырк сегиз) миң сом акча каражатын бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейинки мезгилде Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлсүн.
2. 2022-жылдын 25-мартынан 03-апрелине чейинки мезгилде Эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүү үчүн, ар кандай чыгымдарга 48(кырк сегиз) миң сом акча каражаты бекитилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын камсыз кылуу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы ФЭБ башчы Ж.Сартовага милдеттендирилсин.
4. Эл жана турак жай каттоо Бел-Алды айыл өкмөтүнүн аймагында так жана сапаттуу жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу айыл өкмөттүн жооптуу катчысынын убактылуу милдетин аткаруучу В.Моңолдоровага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларыжөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бел-Алды айылдык кенешинин торагасы: | А.Асанов |