Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 2-февралы № 3
“Бел-Алды айылдык кеңешинин 2022-жылга карата өтүлүүчү сессияларынын, иш мерчемдерин бекитүү жөнүндө”
Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айылдык кеңешинин сессияларынын 2022-жылга карата өтүлүүчү иш мерчеми бекитилсин.
2. Иш мерчемде бекитилген маселелерди алдын ала даярдалган таасирдүү кырдаалда өткөрүүнү уюштуруу жана өз убагында так аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңешке жана анын депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бел-Алды айылдык кенешинин торагасы: | А.Асанов |