Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 02-февралы № 4
“Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө”
Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн каржы бөлүм башчысы Ж.Сартованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Сартова Жийдекан ДЖапаровнанын берген маалыматтары, айрым сунуштарды эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү 2445,0 мин сом (жайыт акысы) 477,4 мин сом менен кошулганда 2922,4 миң сом, теңдөөчү грант 2642,0 миң сомго жалпысы: 5564,4 миң сомго бекитилсин.
3. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 5564,4 миң сом болуп бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусуна 2022-жылга жалпы бюджеттин көлөмүнүн 65,5 миң сомго бекитилсин.
5. Бел-Алды айылдык кеңешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33-беренесинин 5-пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агентигинин 2013-жылдын 15-январындагы №04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
6. Айыл өкмөттүн бюджетинин үзгүлтүксүз касыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.
7. Айылдык кеңештин сессиясына уюштуруу туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга жана башка чыгымдарын жергиликтүү бюджет айыл өкмөттө каралган статьялардан жумшалсын.
8. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Сартовага милдеттендирилсин.
9. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бел-Алды айылдык кенешинин торагасы: | А.Асанов |