Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 02-февралы № 5
“Бел-Алды айыл аймагында жеке ишкерликти өнүктүрүү максатында балык чарбасын уюштурууга жер бөлүп берүү жөнүндө”
Бел-Алды айыл аймагында жеке ишкерликти өнүктүрүү максатында Бел-Алды айылы менен Сары-Сөгөт айылынын ортосунан аккан суунун жээгинен балык чарбасын уюштурууга жер бөлүп берүү жөнүндө айыл тургундарынын жазган арыздарын карап жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл аймагынын Бел-Алды айылы менен Сары-Сөгөт айылынын ортосунан аккан суунун жээгинен балык чарбасын уюштурууга жер бөлүп берилсин.
2. Арызда көрсөтүлгөн жер тилкелерин чечип берүү жагын жайыт комитети Н.Кушубековго милдеттендирилсин.
3. Чегерилген жер аянттарынын төлөнүүчү салыктарын өз убагында төлөө арыз ээлерине милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы белгиленген максаттардан башка максаттарга пайдаланылса, кайра артка кайтарылып алынсын.
5. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бел-Алды айылдык кенешинин торагасы: | А.Асанов |