Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 02-февралы № 6
“Жайыт комитетинин төрагасы Н.Кушубековдун 2021-жылга аткарган иши жана 2022-жылга пландалган бюджетин, мерчемделген иш планын бекитүү жөнүндө”
Жайыт комитетинин төрагасы Н.Кушубековдун маалыматын угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Н.Кушубековдун 2021-жылда аткарган иштери боюнча берилген маалыматын жана айрым сунуштарын эске алуу менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитети боюнча түзүлгөн 2022-жылга иш планы бекитилсин.
3. 2022-жылга мерчемделген жайыт комитетине тиешелүү бюджети айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин ичинен жайыт акысы 477 424 (төрт жүз жетимиш жети миң төрт жүз жыйырма төрт ) сом болуп бекитилсин.
4. Жайыт акысын эсептөө боюнча шартуу мал башына төмөндөгүдөй
- Жандык 1,06 га. көтөрүү коэфффициенти 0,2. жайыт билетинин баасы 18 сом
- Жылкы жана бодо малга 5,3 га. көтөрүү коэффициенти 1,
жайыт билетинин баасы 90 сом болуп бекитилсин.
5. Сырттан келген малга жайыт акысы эки эселенип төлөнсүн.
6. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине келген Хова самосовал автомашинасы жана Фронталдык погрусчик техникаларын кароо жана көзөмөлдөө жагы жайыт комитети Н.Кушубековго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы Ж.Сартовага жүктөлсүн.
8. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бел-Алды айылдык кенешинин торагасы: | А.Асанов |