Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезексиз 5 сессиясы
2022-жылдын 17-январы № 29
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражатты бөлүп берүү жөнүндө
Бюджет план,экономика жана инвестиция комиссиясынын төрагасы Т.Тургунбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап М М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл айыл аймагынын Кара-Күнгөй айылындагы жаңы курулуп жаткан балдар ойноочу футбол аянтчанын курулуш иштерин бүткөрүүгө айыл өкмөтү тарабынан кошумча түшкөн акча каражаттын эсебинен 468100( төрт жүз алтымыш сегиз мин жүз ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнө кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинен эл жана турак жай каттоого 179.2мин сом акча каражаты бөлүнуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет комитетинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымы: | Р.Токтоназарова |