Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
2022-жылдын 08-февралы № 32
Чолпон-Ата айыл аймагынын Чолпон-Ата айылындагы бала-бакчага ат кою жөнүндө
Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу Чолпон-Ата айылындагы бала бакчага ат кою жөнүндөЧолпон-Ата айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча бала бакчанын жамаатынын 2022-жылдын 2-февралындагы № 1 токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо жөнүндөгү Мыйзамынын 14-беренесине ылайыкМ.Абдылдаев айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Балдар бакчасына ысым ыйгаруу боюнчаЧолпон-Ата айылында 2022-жылдын 2-февралындагы өткөрүлгөн бала бакчанын эмгек жааматынын № 1-токтомунун негизинде жана М.Абдылдаев айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын добуш берүүсүнө ылайык, балдар бакчасы “Ак-Тилек” балдар бакчасы деп аталсын жана аталышы юстиция органынан макулдук суралсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы М.Абдылдаев айылдык кеңешинин билим берүү,саламаттыкты сактоо,маданият,спорт,коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымы: | Р.Токтоназарова |