Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы
2022-жылдын 24-февралы № 35
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата кабыл алынган бюджеттине өзгөртүүлөрду киргизуү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата кабыл алынган бюджеттине өзгөртүүлөрду киргизуү жөнүндө төмөндөгү акча каражатын сессияда бекитүү үчүн Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчы Н.Кукуевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
11. Чолпон-Ата айыл өмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Күкүевдин билдирүүсү эске алынсын.
12. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөмү 2022-жылга атайын каражатты кошкондо 6420.0 миң теңдөө гранты 4205.0 миң жалпы 10625.0 миң өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
13. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша 10625.0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Кыргыз Республикасы тарабынан корголгон беренелерине: эмгек акы,соц фонд төлөмдөрүнө, комуналдык чыгымдарына жумшаалары белгиленсин.
14. Кыргыз Республикасынын бюджет Кодексинин 24-беренесинин негизинде, жалпы бюджетинин киреше көлөмүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 88,0 миң сом өлчөмү Чолпон-Ата айыл өкмөтунүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
15. Чолпон-Ата айыл өкмөтүн жергиликтүү бюджетинин негизги эсебинде 2022-жылдын 1-январь айына карата калган калдык 288205 сом акча каражаты жумшалары белгиленсин.
16. М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрагасына “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” Мыйзамынын 33-беренесинин 5-бөлүгүнө жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январь айындагы № 04-24/4-1-буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
17. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Күкүевке милдеттендирилсин.
18. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Т.Тургунбаевке милдеттендирилсин.
19. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымы: | Р.Токтоназарова |