Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезексиз 7 сессиясы
2022-жылдын 24-февралы № 36
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата айыл чарба багытындагы өздөшкөн жерлерден алынуучу жер салыгына өзгөртүүлөрду киргизуү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз7-сессиясы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата айыл чарба багытындагы өздөшкөн жерлерден алынуучу жер салыгына өзгөртүүлөрду киргизуү жөнүндө Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Э.Нусуповдун билдирүүсүн угуп,талкуулап айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата айыл чарба багытындагы өздөшкөн жерлерден алынуучу жер салыгы мурда 62га жерден 22196 сом алынуучу болсо азыр өздөшкөн жерден алынуучу жер салыгы 100га жер болуп 35800 сом каражаты райондук салык кызматынан айыл чарба багытындагы жерлерге берилүүчу жеңилдиктерге кошуп кою жагы суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Т.Тургунбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымы: | Р.Токтоназарова |