Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 1
О! Уюлдук байланышынын антенасын орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э.Ызабековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. О! Уюлдук байланышынын антенасын орнотуу үчүн 16 м2 жер Ак-Таш участкасынан бөлүнүп берилсин.
2. Жерди ченеп, мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси А.Саркуловго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Курсантбек Шерамановичке милдеттендирилсин.
4. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
Кара-Суу айыл кеңешинин төрагасы: | Т.Нарматов |