Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 4
Айыл өкмөттүн башчысынын 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековдун 2022-жылга карата даярдаган иш планын угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы Курсантбек Райышбековдун 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын. (тиркеме тиркелет).
2. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн;
Кара-Суу айыл кеңешинин төрагасы: | Т.Нарматов |
21.01.2022-жыл | « Б Е К И Т Е М И Н» Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы ______________ К.Райышбеков
« »___________2022-жыл
Кара-суу айылы |
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2022- жылга карата түзүлгөн иш планы
К№ | Аткарылуучу иш- чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким тарабынан аткарат | жооптуулар |
1 | 2022-жыл “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылына карата иш чараларды толук ишке ашыруу | 2022-жылы | А/өкмөтү, айыл башчылар, мекеме ишкананын жетекчилери | Э.Ызабеков Т.Азимбаева |
2 | Мамлекеттик кызматтарды аткарууда ачык айкындуулук менен иш алып барууну уюштуруу | 2022-жылы | А/Ө ,аппарат кызматкерлери | Э. Ызабеков Т.Азимбаева |
3 | Б. Минбаев мектебине окуучулар үчүн ысык тамак берүүчү ашкананы бүтүрүп ишке берүү | 2022-жыл | А\ Ө тарабынан | Э.Ызабеков, мектеп директору,айыл башчы |
4 | Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы ДЭП-12 ишканасына караштуу жолду жаз- күз мезгилдерине карата грейдирлеп, сүрүп калыбына келтирип туруу жагын көзөмөлдөө | 2022-жылы | РМА,ДЭП-12,А/Ө айыл башчы | Э.Ызабеков М.Шабданов айыл башчылар |
5 | Кызыл-Көл айылына китепкана куруу | 2022-2023-жыл | А/Ө, айыл башчылар | Э.Ызабеков Айыл башчы |
6 | Айыл өкмөтүнө караштуу ар айылды таза суу долбоору аркылуу ишке ашыруу | 2022-жылы | А/Ө тарабынан | Э.Ызабеков А.Саркулов айыл башчылар |
7 | Чат айылынан Турдук айылына өтүүчү электр линиясын РЭСтин карамагына өткөрүү иштерин уюштуруу | 2022-жылы | А/О ,Жайыт ком-и, айыл башчы,эл, Аркыт т/ч | Э.Ызабеков Аскаров.К Түрдүк а/б |
8 | Аркыт токой чарбасына караштуу Түрдүк, Кара-Суу токой бөлүмдөрү менен иш алып баруу | 2022-жыл | А/Ө, Аркыт токой чарбасынын башчысы | Э.Ызабеков Н.Акматалиева |
9 | Чат айылындагы К.Кулназаров мектебинин курулуш иштерин улантууну көзөмөлдүккө алуу | 2022-жылдарда | РАМ,РайОно, А/Ө, мектеп жет,айыл башчы | Э.Ызабеков Чат айылынын айыл башчысы |
10 | Кез-Арт сайындагы ДЭП-12 ишканасына караштуу кооптуу абалда турган көпүрөнү капиталдык ремонттон чыгаруу | 2022-жылы | РМА,ДЭП-12,А/Ө айыл башчы | Э.Ызабеков М.Шабданов айыл башчылар
|
11 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдар боюнча кооптуу аймактарды калыбына келтирүү менен тазалоо иштерин уюштуруу | 2022-жылы | А/Ө,айыл башчылар | Э.Ызабеков М.Шабданов айыл башчылар
|
12 | Айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы суу өтүүчү чон арыкты жана айыл ичиндеги ички арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүү | 2022-жылы | А/Ө,айыл башчылар | Э.Ызабеков М.Шабданов айыл башчылар
|
13 | Бечел-Аюу ,Жар-Баскан Терме-Таш суу насосторун райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүү | 2022-жылы | РМА,Райондук суу чарба башкармалыгы, А/Ө | Э.Ызабеков А.Саркулов Айыл башчылар |
14 | Айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы эскирген электр мамыларын алмаштыруу иштерин уюштуруу | 2022-2023-жылдарда | РМА,РЭС,А/Ө,УЭС, айыл башчылар РЭС,УЭС. Айыл өкмөтү | Э.Ызабеков, Аскаров К. айыл башчылар
|
15 | Атуулдардан түшкөн арыз, билдирүү, кайрылуу ж.б иш кагаздар менен өз учурунда такай иш алып баруу | Ар дайым | А/Ө,аппарат кызматкерлери, айыл башчылар | Т.Азимбаева Дөөлөтбай к А |
16 | Чалдыбар айылына караштуу Б.Минбаев мектебине курулуп жаткан спорт залдын курулуш иштерин толук бүтөрүп, ишке берүү | 2022-жылы | А/Ө,ЭЛ,демөөрчүлөр | Э.Ызабеков Н.Акматалиева айыл башчылар |
17 | Мекеме ишканалардын жылуулук абалын, ремонт иштерин жана кышка карата даярдыктарын көзөмөлдүккө алуу. | Өз учурунда | А/Ө,айыл башчылар,мектеп жетекчилери | Э.Ызабеков Н.Акматалиева Аскаров.К |
18 | Жалпы айыл өкмөтүнө караштуу ички жолдорго шагыл төгүп,калыбына келтирүү иштерин уюштуруу | Жаз –куз мезгилинде | А/Ө,эл,айыл башчылар | Э.Ызабеков М.Шабданов Айыл башчылар
|
19 | Жазгы жер айдоону өз учурунда уюштуруп,ийгиликтүү жыйынтыктоо | Апрель ,май | А/Ө,эл,айыл башчылар | Жер адис А.Саркулов Айыл башчылар |
20 | Жайлоого чыгуучу атуулдардын жазында көчүп чыгуусуна, күзүндө көчүп келүүсүнө көзөмөлдүк кылуу | Жаз-куз мезгилдеринде | А/Ө,айыл башчылар | Э.Ызабеков Жайыт ком-ти Айыл башчылар |
21 | Ыйман,адеп ,улуттук каада -салт санааларды, ыксыз чыгымдарды туура пайдалануу жөнүндө иш алып баруу | 2022-жылы | А/Ө,мекеме жетекчилери,айыл башчылар | Т.Азимбаева Акматалиева Н айыл башчылар |
22 | ДЭП-12 ишканасына караштуу жолдун 1 чакырым аралыгын асфалтоо иштерин уюштуруу | 2022-жылы | РМА,ДЭП-12,А/Ө | Э.Ызабеков. М.Шабданов айыл башчылар
|
23 | Коншу айыл өкмөттөрүнүн аралыгындагы чек аралардын бөлүнүшүн тактап,аныктоо иштерин жүргүзүү | 2022-жылы | ГИПро зем ,РМА,ГОС регист, А/Ө,Жайыт ком,Чек ара ком. | Э.Ызабеков А.Саркулов |
24 | Айыл өкмөтүндөгү ссуда алуучу атуулдарга тиешелүү иш кагаздарын өз учурунда даярдоого жардам көрсөтүү | 2022-жылы | А/Ө,айыл башчылар,Жаран коргоо комиссиясы | А.Саркулов Жер адис |
25 | Кооптуу аймактан сактоо максатында Кез-Арт, Кызыл-Көл, Жүзүмжан, Чалдыбар айылдарындагы тургундарга Кабактын-Дөнүнөн бөлүнүп берилген жерге калкты жайгаштыруу иштерин уюштуруу | 2022-жылы жаз-куз мезгилдеринде | РМА,ДЭП-12, РЭС, А/Ө,айыл башчылар | А.Саркулов М.Шабданов айыл башчылар
|
26 | Кызыл-Көл айылындагы арканын курулушун бүтөрүү | 2022-жылы | А/Ө,айыл башчы эл | Э.Ызабеков айыл башчылар
|
27 | Жайыт пайдалануучу атуулдарга ынгайлуу шарттарды түзүү жана Жайыт комитетинин иштерин көзөмөлдүккө алуу | 2022-жылы май,июнь айлары | А/Ө,Жайыт ком-и Айыл башчылар | А.Саркулов А.башчылар |
28 | Калк пайдалануучу суугат суу өтүүчү алыштын баштарын калыбына келтирүү, суугат суу өтүүгө ынгайлуу шарттарды түзүү | 2022-жыл апрель,май | А/Ө,айыл башчылар | Э.Ызабеков М.Шабданов А.башчылар |
29 | Айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жер көчкү пайда болгон кооптуу жерлердин алдын алуу менен “Жашыл” долбоор аркылуу королоо иштерин жүргүзүү | 2022-жылы | А/Ө,айыл башчылар | Э.Ызабеков М.Шабданов А.башчылар |
30 | Топ-Жангак,айылына караштуу Токой участкасындагы суу алып кетүү коркунучунда турган жерге дамба курууну ишке ашыруу | 2022-жыл | ӨКМ,РМА,А/Ө ,айыл башчылар | Э.Ызабеков М.Шабданов А.башчылар |
31 | Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу борбордук маданият үйүн капиталдык ремонттон чыгаруу иштерин жүргүзүү | 2022-2023-жылдарда | Мадан мин,РМА.А/Ө | Э.Ызабеков Маданият кызматкери |
32 | Улуш жерлерди максаттуу пайдалануу иштерин көзөмөлдөө | 2022-жыл | А/Ө,айыл башчылар,эл | Э.Ызабеков А.Саркулов А.башчылар |
33 | Жеке менчик үчүн 10 турак жайларды курууну уюштуруу | 2022-жыл | А/Ө ,айыл башчылар | А.Саркулов А.башчылар |
34 | Айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу ар бир айылдагы таштандыларды өз учурунда ташып чыгаруу иштерин уюштуруу | 2022-жыл | А/Ө, айыл башчылар | Э.Ызабеков Акматалиева Н Топ-Жангак айыл башчысы |
35 | Кабактын-Дөнүндөгү суу өтүүчү ноолорду суу чарба ишканасы менен биргеликте ондоп- түзөп, калыбына келтирүү жана ишке берүү | 2022-жыл | Суу чарба жетекчилиги, А/Ө,айыл башчылар, | Э.Ызабеков А.Саркулов, айыл башчылар
|
36 | Кабактын –Дөнүндөгү такталбаган жер тилкелерин комиссия менен биргеликте тактоо | 2022-жыл | А/Ө, жер комиссиясы | А.Саркулов Жер адис Айыл башчылар |
37 | Б.Минбаев мектебинин жылытуу системасын дем берүүчү грант аркылуу ишке ашыруу | 2022-жыл | А/Ө ,айыл башчылар | Э.Ызабеков Т.Тилекбаев Айыл башчылар
|
38 | Айыл өкмөтүнүн аймагындагы негизги көйгөйлүү, жогору жактан чечилүүчү маселелерди өз учурунда тиешелүү жетекчиликтерге жеткируу иштерин жүргүзүү | Жыл ичи | А/өкмөтүнүн аппараты
| Т.Азимбаева жана бардык адистер |
39 | “Кооптуу аймак”долбоорунун алкагында ички жолдорду жана айыл ичин жарыктандырууну колго алуу | Жыл ичинде | А/Ө,демөөрчү,эл, айыл башчы | Акматалиева Н айыл башчылар |
40 | Топ-Жангак айылындагы Жаркынайым эс алуу багына тийешелүү иш кагаздарын тактоо жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү | Жыл ичинде | А/Ө, айыл башчылар | Э.Ызабеков Т.Тилекбаев. Жер адис |
41 | Үрөөн чарбасын уюштуруу жана иш алып баруу жагын көзөмөлгө алуу | Жыл ичинде | А/Ө, үрөөн чарбасынын башчысы | Жер адис,айыл башчылар |
42 | Айыл аймагындагы бош жаткан жерлерди жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн ( ижарага) пайдаланууга берүү | Жыл ичинде | А/Ө, айыл башчылар | Э.Ызабеков Жер адис айыл башчылар |
43 | Айыл аймагында ишкерликти өнүктүрүү менен кошумча соода түйүндөрүн,чакан ишканаларды ачуу | Жыл ичинде | А/Ө, айыл башчылар | Э.Ызабеков айыл башчылар |
44 | Топ-Жангак айылына караштуу А.Жаныбеков мектебине ашар ыкмасында курулуп жаткан спорт залдын курулуш иштерин улантуу | 2022-жылдарга | А/Ө, эл , демөөрчүлөр, | Э.Ызабеков Жумабаев Э |
45 | Жыл ичиндеги даталуу күндөрдү өз учурунда уюштуруп белгилөө иштерин жүргүзүү | 2022-жыл | А/Ө, айыл башчылар | Акматалиева.Н Нээталиева.Б |
46 | 9-май Жениш күнүнүн 77-жылдыгына карата иш чара өткөрүү | 2022-жыл | А/Ө, айыл башчы, маданият кызматкерлери | Акматалиева Н Нээталиева.Б |
47 | 17-март Аксы окуясынын эскерүү күнүн уюшкандыкта өткөрүү | 2022-жыл | А/Ө, айыл башчы, маданият кызматкерлери | Э.Ызабеков Акматалиева Н |
48 | Кез-Арт,Жүзүмжан, Кара-Суу айылдарына караштуу Кыр-Жол жайлоосуна жол салуу иштерин жүргүзүү | 2022-жыл | А/Ө, Жайыт комитети | Э.Ызабеков М.Шабданов Айыл башчылар |
49 | К.Сапаралиев мектебинин спорт залынын курулуш иштерин баштоо | 2022-2023-жылы | А/Ө.айыл башчы демөөрчүлөр,эл | Э.Ызабеков . Б.Ибралиев |
50 | Топ-Жангак айылына өрт өчүрүү ишканасынын имаратынын жылытуу системасын жасоо
| 2022-жыл | А/Ө, ӨКМ, айыл башчылар | Э.Ызабеков М.Шабданов
|
51 | Чат айылына ФАП куруу иштерин уюштуруу | 2022-2023-жылдарга | А\Ө,эл, Аркыт токой чарбасы, демөөрчү | Э.Ызабеков Керимбаев С |
52 | Коомдук тартипти көзөмөлдүккө алуу | 2022-жыл | А/Ө, айыл башчылар | Акматалиева Н Айыл башчылар |
53 |
|
|
|
|
Башчынын орун басары: Э.Ызабеков