Загрузка документа…
КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2022-жылдын 2-марты № 1
Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш-Ата маданият үйүн Базар-Коргон шаарына өткөрүп берүү жана жанында жайгашкан селолук советтин имаратын Кеңеш айыл өкмөтүңдө калтыруу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровтун 2022-жылдын 1-мартындагы “Базар-Коргон шаары уюшулуп, Кеңеш айыл өкмөтүнүн карамагындагы Совет айылы жана Аук айылынын Кызыл участкасы өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу, Совет айылындагы Бабаш-Ата маданият үйүн Базар-Коргон шаарына өткөрүп берүү талабын кароо жөнүндөгү” № 01-17/293 сандуу катын карап жана талкуулап, Кеңеш айылдыкКенешинин VIII-чакырылышынын кезексизXII-сессиясы
ТОКТОМКЫЛАТ:
1. Бабаш-Ата маданият үйү Базар-Коргон шаарына өткөрүлүп берилсин жана ага жанаша жайгашкан мурдагы Совет селолук советинин административдик имараты Кеңеш айыл өкмөтүнүн карамагында калтыруу жагы жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыров жана тийиштүү адистери менен мыйзамдуу өткөрүп берүүсү милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расмий WEВ сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Кеңеш айылдык Кеңешинин убактылуу жооптуу катчысы Т.Кулиевке милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | К.Айдаров |