Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2022-жылдын 2-марты № 2
Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу “Дан кампасын” Базар-Коргон шаарына өткөрүп берүү жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровтун 2022-жылдын 1-мартындагы “Базар-Коргон шаары уюшулуп, Кеңеш айыл өкмөтүнүн карамагындагы Совет айылы жана Аук айылынын Кызыл участкасы өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу, Совет айылындагы “Дан кампасын” Базар-Коргон шаарына өткөрүп берүү талабын кароо жөнүндөгү” № 01-17/293 сандуу катын, айыл өкмөттүн юристи М.Каиповдун билдирүүсүн карап жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
ТОКТОМКЫЛАТ:
1. Совет айылында жайгашкан “Дан кампасы” боюнча учурда соттук кароого киргизилгендигине байланыштуу өткөрүп берүү соттуктериштирүү бүткөндөн кийин кароого киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыров жана тийиштүү адистери менен мыйзамдуу өткөрүп берүүсү милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расмий WEВ сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Кеңеш айылдык Кеңешинин убактылуу жооптуу катчысы Т.Кулиевке милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кенеш айылдык Кенешинин төрагасы: | К.Айдаров |