Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 9-сентябры № 9
Чолпон-Ата айыл аймагындагы Т.Сатылганов атындагы музейдин куурап калган бак- дарактарын кыюууга уруксат берүү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл аймагынын Чолпон-Ата айылында жайгашкан Т.Сатылганов атындагы музейинин куурап калган бак-дарактарын кыйып тазалоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын 2021-жылдын 08.04-айындагы № 01-06/589 чыгыш катынын негизинде куурап калган бак-дарактарды кыйып тазалоого уруксат берилсин.
2. Кыйылган бак-дарактардын акча каражатын музейдин ички жана тышкы ремонтторуна жумшап иш алып баруу жагы музейдин жетекчиси Осмонова Гульмирага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловко тапшырылсын.
4. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: | Р.Токтоназарова |