Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 9-сентябры № 10
“ Алатай” жаратылыш паркынын аймагындагы жайыттарга ижара акыны жана ижарага берилүүчү жерлерге тарифтерди талкуулап жөнгө салуу жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Жайыт акы 2021-жылга төмөндөгүдөй тарифтик баада белгиленсин.
Бир башка бир айга:
Жылкыга жана бодо малга 30 сом
Эки жашка чейинки кулунга жана торпокко -15 сом
Бир баш койго -5 сом
Козуга – 2 сом 50 тыйын.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жериндегиижара акылар төмөндөгүдөй тарифте белгиленсин.
1. Чоп чабындыга -0,01га учүн 4 сом
2. Жашылдандырууга -0,01га үчүн -20 сом
3. Айдоо жерлерге 0,01га үчүн -30 сом
4. Бир палатка же боз үй тиккенге -50 сом
5. Бал аарысы бар ар бир ящикке -50 сом
3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерине кирген
Жүк ташуучу автомашина жана автобуска -100 сом
Жеңил автомашинага - 50 сом болуп бекитилсин.
4. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: | Р.Токтоназарова |