Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 9-сентябры № 11
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражатты бөлү берүү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл айыл аймагынын Чолпон-Ата айылындагы жаңы курулуп бүткөн бала-бакчанын инвентарларын алуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан кошумча түшкөн акча каражаттын эсебинен 200 000 ( эки жүз миң ) сом, Жоомарт мектебинин отоплениесине жаңы насос алып ишке киргизүү үчүн 50 000 (элү миң ) сом, Мазар-Суу айылынын фудбол аянтчасынын документтерин бүтурүү үчүн 50 000 ( элү миң) сом, С.Нурманбетов мектебинин отоплениесине ремонт иштерин жасоо үчүн 12 000 ( он эки миң) сом, Кара- Күңгөй айылына жаңы фудболдук аянтча куруу үчүн керектүү документтерди бүтүрүү үчүн 50 000 ( элү миң ) сом, Чолпон-Ата айыл аймагынын малдарын сандан сапатка өткөрүү үчүн асылдандыруучу аппарат алууга 150 000 ( жүз элү миң ) сом, Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн кеңсесине кызматкерлердин иш алып баруусу үчүн бирдиктүү терезенин аткарылган иштеринде төлөнбөй калган 15980 (он беш миң тогуз жүз сексен) сом, Мазар-Суу айылындагы жаңы курулган күрөш залына аткарылган иштерине төлөнбөй калган 47920 ( кырк жети миң беш жүз жыйырма) сом, жалпы 64412 ( алтымыш төрт миң төрт жүз он эки миң ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнө кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет комитетинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: | Р.Токтоназарова |