Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 9-сентябры № 12
Чолпон-Ата айыл аймагындагы мыйзамсыз болуп жаткан иштерди кароо жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл аймагындагы Кара –Күңгөй айылынын “ Секи” жаңы конушунун жана айыл аймактын бардык көчөлөрүн тактоо , мыйзамсыз курулган курулуштарды, короо жайларды, бузуу иштери жүргүзүлсүн.
2.Токтогул райондук архитектура жана курулуш башкармалыгы тарабынан участокторду тактоо иштери жүргүзүлсүн жана Токтогул райондук КАДАСТР мамлекеттик ишканасы, Гос АКТны элдин суроо талабына жараша архитектуранын берген жер аянтына жараша өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлгө алуу жагы Муниципалдык,менчик,жер,жайыт,экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: | Р.Токтоназарова |