Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8 чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 9-сентябры № 13
Чолпон-Ата айыл айылындагы бала-бакчанын ички эмеректери жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айылындагы жаңы курулуп бүткөн балдар бакчасына ички эмеректерин жана жабдууларны сатып алуу долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Долбоорду ишке ашыруу максатында акча каражатын табуу үчүн Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фондусунун байкоочу Кеңешине баардык иш кагаздары даярдалып сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо,маданият,спорт, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: | Р.Токтоназарова |