Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 2- сессиясынын
2021-жылдын 2-июну № 6
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын финансы министирлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин 03.03.2021-жылдагы 20/5254 номерлүү катынын негизинде сатуучулардын ( подрядчик поставщик) арасында атаандаштыкты кеңейтүү максатында, ар бир сатып алуучуну товар классификаторуна жараша беренеден беренеге жылдырууга байланыштуу Аппарат башкаруусунун 221 беренесинен 222-беренесине 437,0 акча каражаты жылдырылсын.
2. Жайыттын 221- беренесинен 222 –беренесине 59,8 акча каражаты жылдырылсын.
3.Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымы: | Р.Токтоназарова |