Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-июну № 01-5/13
Кочкор-Ата шаарынын тургундарына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Учительская көчөсүнүн №1 үйүнүн тургуну Мусурманкулова Гульзаттын жана Токтогул көчөсүнүн тургуну Джолборсова Венеранын материалдык жардам сураган арыздары боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын Учительская көчөсүнүн №1 үйүнүн тургуну Мусурманкулова Гульзаттын жана Токтогул көчөсүнүн тургуну Джолборсова Венеранын материалдык жардам сураган арыздары канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын тургундары Мусурманкулова Гульзатка 30 000 (отуз миң) сом, Джолборсова Венерага 50 000 (элүү миң) сом акча каражаттары материалдык жардам катары бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |