Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-июну № 01-5/14
Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/572 сандуу сунушун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/572 сандуу сунушунда, “Кыргызнефтегаз” ААКнун Пионерская көчөсүндө жайгашкан ичимдик суусун бөлүштүрүүчү гребенкасынын ээлеген 680 м2 муниципалдык менчиктин реестринде турган жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү боюнча маселесин жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/572 сандуу сунушу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын Пионерская көчөсүндө жайгашкан ичимдик суусун бөлүштүрүүчү гребенкасынын ээлеген 680 м2 муниципалдык менчиктин реестринде турган жер тилкесин багытын өзгөртүүсүз, мөөнөтсүз пайдаланууга “Кыргызнефтегаз” ААКнун балансына өткөрүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |