Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-июну № 01-5/15
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/636 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/636 сандуу кайрылуусунда Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитип берүү боюнча Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/636 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга киреше бөлүгүнүн долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |