Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-июну № 01-5/16
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/637 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/637 сандуу кайрылуусунда Кочкор-Ата шаарында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин дене тарбия сабагы боюнча жаш мугалими Жороев Аргенге финансылык колдоо көрсөтүү жөнүндөгү сунушун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана “Мугалимдердин статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамындарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/637 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.№28 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин дене тарбия боюнча жаш мугалими Жороев Аргенге, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2021-жыл аралыгында турак жайына төлөөдө жеңилдиктерди берүү максатында 36 000 (отуз алты миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |