Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-июну № 01-5/17
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/663 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/663 сандуу кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин” жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/663 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын Ленин көчөсүнүн жөө жүрүүчү жолуна (тротуарына) брусчатка орнотууга 400 000 (төрт жүз миң) сом бөлүнгөн, азыркы күндө бааны эске алуу менен эсептеген учурда 841 679 (сегиз жүз кырк бир миң алты жүз жетимиш тогуз) сомду түздү, 441 679 (төрт жүз кырк бир миң алты жүз жетимиш тогуз) сом жетпеген акча каражат;
- Октябрьская көчөсү №3 үйүнөн Крупская көчөсүнө брусчатка орнотууга 300 000 (үч жүз миң) сом бөлүнгөн, баасы 530 000 (беш жүз отуз миң) сомду түздү, 230 000 (эки жүз отуз миң) сом жетпеген акча каражат;
- Балдар музыкалык мектебинин капиталдык ремонтуна 400 000 (төрт жүз миң) сом бөлүнүп, оңдоо жумуштары аткарылды, аткаруу мезгилинде полдун жана электр чубалгыларынын эскилиги жетип алмаштыруу зарылдыгы турат. Полун жана электр чубалгыларын алмаштыруу жумуштардын сметалык баасын эсептеген учурда 291 933 (эки жүз токсон бир миң тогуз жүз отуз үч) сомду түздү;
- Муниципалдык менчиктеги социалдык объектилерге өрт коопсуздугун алдын алуу системасын орнотууга экотехинспекциясы тарабынан эскертме берилген, эскертмени аткаруу максатында сметалык баасын эсептеген учурда:
-№15 Беки уулу Семетей орто мектебине 309 156 сом;
-№14 И.М.Губкин орто мектебине 686 348 сом;
-№28 Ч.Т.Айтматов орто мектебине 244 413 сом;
-Мэрияга 228 187 сом;
-Музыкалык мектебине 80 101 сом;
-ФАП 58 279 сом;
-“Жомок” балдар бакчасына 123 917 сом.
-Жалпы 1 730 401 сом.
- Өрткө каршы чатырлардын такталарын дарылоо:
-№15 Беки уулу Семетей орто мектебине 93 909 сом;
-№14 Губкин орто мектебине 119 597 сом;
-№28 Ч.Айтматов орто мектебине 93 041 сом;
-Мэрияга 21 791 сом;
-Музыкалык мектебине 16 860 сом;
-ФАП 6 558 сом
-Н.Исанов атындагы гимназиянын жатаканасына 23 347 сом.
- Жалпы 375 103 сом.
Жогорудагы маселелерди эске алуу менен сметаларга ылайык, жетпеген акча каражаттардын жалпы эсеби менен 3 069 116 (үч миллион алтымыш тогуз миң бир жүз он алты) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |