Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-марты № 01-5/291
Аксакалдар сотунун төрагасынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХIII сессиясы, Аксакалдар сотунун төрагасы А.Дарманкуловдун 2021-жылдын 25- январындагы №75 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аксакалдар сотунун төрагасы А.Дарманкуловдун 2021-жылдын 25- январындагы №75 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Аксакалдар сотунун курамына, атап айтканда Дарманкулов Аскарбек, Ибрагимов Маматкасым, Тохтасинов Рахимжан, Акматова Анипакан жана Мусабекова Калдарканга ар бирине 5000 (беш миң) сомдон, жалпы суммасы 25000 (жыйырма беш миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т. Жумаевге жана шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары, төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
С.Т.Маматкулов |