Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-марты № 01-5/292
Социалдык жардамга муктаж болгон шаар тургундарынын кайрылууларын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Советская көчөсүнүн №24 үйүнүн тургуну С.Алиеванын, Тургенева көчөсүнүн №48/3 үйүнүн тургуну Ч.Токтоболотованын, Токтогул көчөсүнүн №38 үйүнүн тургуну Г.Кудайбердиеванын, Некрасов көчөсүнүн №41 үйүнүн тургуну Г.Толобаеванын, Терешкова көчөсүнүн №29 үйүнүн тургуну У.Абылкасымованын, 8-март көчөсүнүн №1-2 үйүнүн тургуну А.Нышаналиеванын, Пионер көчөсүнүӊ №38-9 үйүнүн тургуну М.Абдуталиповдун, Токтогул көчөсүнүн №34/18 үйүнүн тургуну Б.Абдикаликованын жана Терешкова көчөсүнүн №29 үйүнүн тургуну У.Абылкасымованын материалдык жардам сураган арыздары боюнча шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын Советская көчөсүнүн №24 үйүнүн тургуну С.Алиеванын, Тургенева көчөсүнүн №48/3 үйүнүн тургуну Ч.Токтоболотованын, Токтогул көчөсүнүн №38 үйүнүн тургуну Г.Кудайбердиеванын, Некрасов көчөсүнүн №41 үйүнүн тургуну Г.Толобаеванын, Терешкова көчөсүнүн №29 үйүнүн тургуну У.Абылкасымованын, 8-март көчөсүнүн №1-2 үйүнүн тургуну А.Нышаналиеванын, Пионер көчөсүнүн №38-9 үйүнүн тургуну М.Абдуталиповдун, Токтогул көчөсүнүн №34/18 үйүнүн тургуну Б.Абдикаликованын жана Терешкова көчөсүнүн №29 үйүнүн тургуну У.Абылкасымованын материалдык жардам арыздары канааттандырылсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын тургундарына, С.Алиевага 50 000 (элүү миң) сом, Ч.Токтоболотовага 50000 (элүү мин) сом, Г.Кудайбердиевага 30 000 (отуз миң) сом, Г.Толобаевага 30 000 (отуз миң) сом, Б.Абдикаликовага 50 000 (элүү миң) сом, М.Абдуталиповго 50 000 (элүү миӊ) сом, У.Абылкасымовага 30 000 (отуз миӊ) сом жана А.Нышаналиевага 30 000 (отуз миӊ) сом жалпысы 320 000 ( үч жүз жыйырма миӊ) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары, төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
С.Т.Маматкулов |