Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-марты № 01-5/293
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын тургуну Калимбетов Орозбектин, Некрасов көчөсүндө жайгашкан №25 үйүнүн профилин мечитке өзгөртүп берүү үчүн кайрылган арызын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын Некрасов көчөсүнүн №25 үйүнүн тургуну Калимбетов Орозбектин арызы канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын тургуну Калимбетов Орозбектин, Некрасов көчөсүндө жайгашкан №25 үйүнүн профилин мечитке өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4.Пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү райондук архитектура жана шааркурулуш башкармалыгынан суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары, төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
С.Т.Маматкулов |