Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 5-февралы № 57
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же
ижара укугун берүүнүн жана инвестициялык-курулуштук
ниеттерди ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу
жоболорду бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомунун
редакциясына ылайык)
Жерди пайдалануу процессин андан ары децентралдаштыруу, жеке адам-
дарга жана юридикалык жактарга жер участокторуна укук берүүнүн так
жол - жоболорун жана укуктук зоналарга бөлүү принциптеринин негизинде
курулушка уруксаттарды алуунун тартибин бекитүү боюнча ишти улантуу
максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 3-сентяб-
рындагы № 290 "Инвеcтициялык жана башка ишкердик иш-аракеттерине кол-
доо көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты андан ары өнүктүрүү ча-
ралары жөнүндө" Указы менен бекитилген Инвестициялык матрицанын 2.6-
пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Калктуу конуштарда жер участокторуна менчик же ижара укуктарын
акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо;
(КР Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 30-майындагы № 252 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтомунун редак-
циясына ылайык)
2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 - жылдын 3 - февралындагы
№ 57 "Чакан жана орто бизнестин объекттерин жана аз кабаттуу жеке мен-
чик турак үйлөрдү долбоорлоого, реконструкциялоого, профилин өзгөр-
түүгө жана курууга уруксат документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө"
токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-августундагы № 538
"Жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүү тартиби жөнүндө
типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 11-декабрындагы № 728 "Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча
мамлекеттик комиссия жөнүндө" токтомуна № 1 тиркеменин он төртүнчү
абзацы алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги нормативдик укуктук
актылардагы карама-каршылыктарды жоюу жана аларды ушул токтомго ылайык
келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитек-
тура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мам-
лекеттик агентство менен бирдикте эки айдын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына өзгөртүү-
лөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдасын жана
берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-июлундагы № 457
"Жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документтердин формаларын беки-
түү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туу-
ралуу Кыргыз Республнкасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдасын.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ве-
домстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергилик-
түү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн нормативдик укуктук акты-
ларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын соода, өнөр жай, курулуш комплекстери
жана коммуникациялар бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кара-
штуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссияга жана Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды кат-
тоо боюнча мамлекеттик агентствого жүктөлсүн.
Премьер-министр Н. Танаев