Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-марты № 01-5/297
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы №01-5/18 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы №01-5/18 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы №01-5/18 сандуу токтомунун 2-пунктту төмөнкүдөй болуп өзгөртүлсүн:
-Кочкор-Ата токой чарбасынын балансында турган 206га жер аянтынын трансформация маселеси бүткөнгө чейин, жеке турак жай, коммерциялык максаттагы курулуш иштери убактылуу токтотулсун;
-Шаардын административдик аймагына тиешелүү болгон 387га территориясында, жеке турак жай курууга жана коммерциялык багыттагы курулуш иштерине уруксат берилсин.
Төраганын орун басары, төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
С.Т.Маматкулов |