Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-марты № 01-5/298
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясы, Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин №01-36/103 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин №01-36/103 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
3.”Кыргызнефтегаз” ААКунун чоң салмактуу жүк ташуучу автоунааларынын жол маршруту шаардын чыгыш тарабында жайгашкан Луговая көчөсүнөн кирүү жана Геофизика көчөсүнүн жолу менен Ленин көчөсүнүн батыш тарабында жайгашкан Транспортная көчөсү менен чыгуу долбоору бекитилсин.
4.Жалпы салмагы 25 (жыйырма беш) тоннадан ашуучу чоң салмактуу автоунаалардын шаар аймагында жүрүүсүнө тыюу салынсын.
5.Шаар тургундарынын жана жеке ишкерлердин өндүрүштүк зарылчылыгы үчүн курулуш иштерин жүргүзүүдө, курулуш материалдарын ж.б.у.с. шаар аймагына алып кирүү жана алып чыгуусу, жогоруда көрсөтүлгөн жол маршруту менен пайдаланылсын.
6.Жыл сайын 1-июльдан тартып 1-сентябрына чейин чоң салмактуу жүк ташуучу автоунаалардын аба температурасы +250 градустан жогору болгондугуна байланыштуу, төшөлгөн асфальт жолдоруна өзүнүн таасирин көрсөткөнүн жана шаар аймагында мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен шаар аймагында жүрүүсүнө саат 10:00дөн 20:00гө чейин чектөөлөр киргизилсин.
7.Чектөөлөр адам ташуучу, гуманитардык жардам жана атайын жүк ташуучу автоунааларга тарабайт.
8.Жол эрежелерин бузган айдоочуларга ШИИБнун кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде тийиштүү иш чаралар колдонулсун.
9.Шаар аймагында кошумча жол белгилери МАИ кызматкерлери менен биргеликте орнотулсун.
10.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана ШИИБнун башчысы У.Сейиткуловго милдеттендирилсин.
11.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары, төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
С.Т.Маматкулов |