Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-августу № 01-5/18
Баткен областынын Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 29-июнундагы №201 сандуу тескемесин жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 26-июлундагы №147 “б” сандуу буйругун эске алып, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 29-июнундагы №201 сандуу тескемеси жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 26-июлундагы №147 “б” сандуу буйругу эске алынсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары, төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
С.П.Маматкулов |