Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-августу № 01-5/19
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 02-августундагы №01-36/805 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Транспорт көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн долбоорлонуучу өнөр жай аймагына чейин оор техникалардын көп каттамынан жашоочуларга ыңгайсыздыктар жаралып, асфальттоо боюнча жашоочулардын кайрылуулары келип түшкөндүгүнө байланыштуу, шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/805 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Элдин кайрылуусун канааттандыруу максатында, бүгүнкү күндө базар баасынын кескин жогорулагандыгын эске алып, 2017-жылы даярдалган долбоорунун сметасын кайрадан эсептелип чыгарылгандыгына байланыштуу, долбоордун ПК 00+0дөн ПК 750+0 пикетине чейинки аралыктагы жалпы баасы 19 597 635 (он тогуз миллион беш жүз токсон жети миң алты жүз отуз беш) сомду түзүп, бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен долбоорго 9 102 521 (тогуз миллион бир жүз эки миң беш жүз жыйырма бир) сом эсептелип, 2021-жылдын иш-планына сметанын негизинде киргизилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары, төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
С.П.Маматкулов |