Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3 августу № 01-5/20
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 14-июлундагы №01-36/741 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчикти башкаруу Департаменти (ММБД) Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 01-июлунда кайрадан каттоодон өткөндүгүнө байланыштуу, кызматкерлеринин 2021-жылдын экинчи жарым жылдык айлык маянасын чечип берүү боюнча шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 14-июлундагы №01-36/741 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчикти башкаруу Департаменти Жалал-Абад областтык Юстиция башкармалыгы тарабынан 2021-жылдын 01-июлунда кайрадан каттоодон өткөндүгүнө жана эсебиндеги акча каражаттар толугу менен шаар мэриясынын балансына которулгандыгына байланыштуу, ММБДнун кызматкерлерине 2021-жылдын экинчи жарым жылдык айлык маянасын жыл башында калган калдыгынын эсебинен №01-15/281 токтомуна өзгөртүү киргизилип, жалпы суммасы 693 158 (алты жүз токсон үч миң бир жүз элүү сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары, төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
С.П.Маматкулов |