Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-августу № 01-5/21
Абдурахманов Ядгоржон Турсунбаевич жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичтин вице-мэр кызмат ордуна талапкер Абдурахманов Ядгоржон Турсунбаевич вице-мэр кызматына дайындоого макулдук берүүгө жазган макулдашуу катын талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын 44-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичтин вице-мэр кызмат ордуна талапкерди дайындоого макулдук берүүгө жазган макулдашуу каты эске алынсын.
2.Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын вице-мэр кызмат ордуна, Абдурахманов Ядгоржон Турсунбаевичти дайындоого шаардык Кеңештин макулдугу берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичке милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары, төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
С.П.Маматкулов |