Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-августу № 01-5/22
Кочкор-Ата шаарына төрөт үйүн куруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевдин төрөт үйүн куруу боюнча сунушуна шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевдин сунушу жактырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.2021-жылдын бюджетинде № 28 “Чынгыз Айтматов” атындагы орто мектебине спорт зал курууга каралган 8 000 000 (сегиз миллион) сом акча каражаты статьянын ичинде мектептен ЖККга жылдырылсын жана 2021-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен киреше салыгынан ашыкча акча каражат түшкөндүгүнө байланыштуу, 10 000 000 (он миллион) сом акча каражаты такталган планга киргизилип, жалпысы болуп 18 000 000 (он сегиз) миллион сом акча каражаты төрөт үйүн курууга бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары, төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
С.П.Маматкулов |