Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 3-августу № 01-5/23
Кочкор-Ата шаарына муниципалдык базарын куруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан жер аянтына муниципалдык базарды куруу 2021-жылдын иш планына киргизилгендигине байланыштуу, долбоорун жана сметасын приоритеттүү деп табуу боюнча шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2.Кочкор-Ата шаарынын Токтогул көчөсүнө курулуучу муниципалдык базардын долбоору приоритеттүү деп табылып областтык региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын өздүк салымы катары 2021-жылдын бюджетинен 8 000 000 (сегиз миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары, төраганын убактылуу милдетин аткаруучу |
С.П.Маматкулов |