Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз IХ- сессиясынын
2022-жылдын 23-марты № 39
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн КБФнун ижарага берилүүчү жерлеринин ижара акысы, эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн КБФнун ижарага берилүүчү жерлеринин ижара акысы, эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Ижарага берилүүчү КБФ нун жерлерин жердин юридикалык төлөмдөрүнөн жана соц фондунан сырткары 1 га жер ( айдоо, чөп ормо ) Чон- Кыяга чейин 750 сом, Чон-Кыядан жогорку участкаларга 1 га жерге 500 сомдон ижара акысы чегерилсин.
2.Эшик алды 1 сотыхка 10 сом, өз ара 50 сом, ашыкча кашаа 1 сотыхка 25 сомдон бекитилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |