Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз IХ- сессиясынын
2022-жылдын 23-марты № 40
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо жана чөп ормо жерлерин айдап, оруусу боюнча жеке менчик техникасы бар атуулдарга кызмат акысынын бааларын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Элдик жыйынынын чечиминин негизинде жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Айыл өкмөтүнүн аймагында 1 сотых жерди айдоого 35 сомдон, маласына 15 сомдон, чөп орок 1 сотых жерге 30 сомдон, маласына 15 сомдон, пресс подборщикке 18 сомдон, чөп орок 1 сотых жерге Жаткага 35 бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |