Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз IХ- сессиясынын
2022-жылдын 23-марты № 41
Айыл өкмөтүнөн жана айылдык кенештен атуулдардын алган иш кагаздарына мамлекеттик салымдарды бекитүү жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ -сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөтүнөн жана айылдык кенештен атуулдардын алган иш кагаздарына мамлекеттик салымдарды бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Айыл өкмөтүнөн алынган төмөнкү иш- кагаздарга айыл өкмөтүнүн аныктамасына 30 сом, айыл өкмөтүнүн токтомуна 300 сом, айылдык кенештин токтомуна 300 сом мамлекеттик салым бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн, айылдык кенешинин жоопту катчысына милдеттендирилсин.
3.Мыйзамдуулук,этика,мандат адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча комиссиянын төрайымы Исакова Гулнарага жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |