Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз IХ- сессиясынын
2022-жылдын 23-марты № 42
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал жандыктарга чегерилген жайыт акысы жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал жандыктарга чегерилген жайыт акысы жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Элдин малын багуучулар бир баш кой- эчкиге 100 сомдон,бир баш кара малга 500 сомдон, бир баш жылкыга 600 сомдон кызмат акысы алынсын.
2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында бир баш кой- эчкиге 25 сомдон, бир баш кара малга 100 сомдон, бир баш жылкыга 100 сомдон жайыт салыгы бекитилсин.
3.Ар бир баш малга чегерилген малдын салыгын мал баккан бакмачылардан алуу жагы бекитилсин.
4.Токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төргасы К.Чолпонбаевке милдеттендирилсин.
5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |