Загрузка документа…
ИЙРИ_СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын ) кезексиз IХ- сессиясынын
2022-жылдын 23-марты № 43
Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана жайлоодон кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө.
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана жайлоодон кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Айыл аймагындагы мал бакмачылар 2022- жылдын 10- апрелинен 20- апрелине чейин жогорку жайыттарга көчүп кетсин.
2.Мал бакмачылар 2022- жылдын 20- сентябрь айынан кийин жайлоодон көчүп келишсин.Элдин эгиндеринен , чөп орокторунан 5км алыстыкта отурушсун.
3.Токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төргасы К.Чолпонбаевке милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Кыргызбаев |